akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-15-04, 18:20

    Ветеринария кызматынын райондук башкармалыктарына 40 кызматтык унаа тапшырылды

    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Айыл чарба министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын райондук башкармалыктарына "LADA Нива Люкс" жана "LADA Нива Урбан" унаалдарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөтүн маалымат кызматы билдирди. 

    Иш-чарада сөз сүйлөгөн Касымалиев президенттин демилгеси менен 2024-жылы суу чарба тармагына 1 млрд сомго 112 атайын техника жана 83 млн сомго райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилерине 48 кызматтык унаа тапшырылганын айтты. Ал быйыл суу чарба тармагына 400дөн кем эмес атайын техника тапшырыла турганын билдирди.  

    "Адамзаттын ден соолугун сактоодо ветеринарлардын ролу абдан чоң. Малдан адамга оору жуктурбоонун алдын алуу үчүн биздин ветеринарларга шарт түзүү максатында мамлекет башчыбыздын демилгеси менен 40 унаа райондук ветеринардык башкармалыктарына тапшырып жатабыз. Себеби, алыскы жайыттарга атайын дарылоо жана эмдөө иштерин өз убагында өткөрүү үчүн ветеринарларга шарт түзүү зарыл. Биз ветеринария тармагына, жалпы эле айыл чарбага жаңы инновациялар, биотехнологиялар жана жасалма интеллект сыяктуу жасалма технологияларды киргизүүнүн, ошондой эле адамдардын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилейбиз", - деди Касымалиев. 

    Белгилей кетсек, тапшырылган 40 унаа Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын өлкөнүн 40 районундагы башкармалыктарына жеткирилет. Сатып алынган унаалардын жалпы суммасы 43 млн 600 миң сомду түзөт. 


    Тектеш материалды окуу