Жарыяланган
2021-13-07, 08:302021-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,8 миллиард долларды түзүп, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 27,7% га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Экспорттук берүүлөр 4,4% көбөйүп, 818,7 млн долларды түзсө, импорттук түшүүлөр 40,5% га көбөйүп, 1 млрд 994,7 млн долларды түзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,3 миллиард доллардан ашык сумманы түзүп, өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 34,8% га көбөйгөн. Ошол эле учурда, экспорттук берүүлөр 75% га, импорттук түшүүлөр 24% га көбөйгөн. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн эң чоң үлүшү Орусияга (64%) жана Казакстанга 34,4% туура келген.