Жарыяланган
2024-25-03, 03:082024-жылдын январында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 36,8%га өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) билдирди.
Экспорттун номиналдык көлөмү 46,6%га көбөйгөн, бул негизинен чет өлкөгө баалуу металлдарды экспорттоонун эсебинен болгон. Импорт нарктык мааниде 35,1%га өскөн.
Ошол эле учурда, импорттук жеткирүүлөрдүн 80%дан ашык өсүшү Кытайдан импорттолуучу товарлардын көлөмү менен камсыздалган.
“2024-жылы экспорттун көлөмүндө баалуу металлдардын экспорту негизги ролду ойнойт. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнө машиналарды жана жабдууларды жеткирүү бажы эрежелеринин өзгөрүшүнө байланыштуу азаят”, - деп белгилешет серепчилер.