Жарыяланган
2024-18-12, 15:22Кыргызстанда 2025-жылдан тарта чет элдиктер үчүн жаңы эрежелер киргизилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Эми жашоого жана иштөөгө уруксат берүү “Электрондук виза” порталы менен интеграцияланган “Бирдиктүү терезе” системасы аркылуу ишке ашат.
Техникалык, программалык жана уюштуруучулук иш-чараларды даярдоо үчүн ework.e-gov.kg порталы 2024-жылдын 25-декабрынан тартып квота жана иштөөгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот.
Жаңы эрежелер келерки жылдын 1-январынан тарта 2026-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.