akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-21-12, 10:00

    Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду

    Кыргызстандын Министрлер кабинети менен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

    Инвестициялык макулдашууга Министрлер кабинети тарабынан – Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ал эми инвестор тараптан – “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжун Шэнгуй кол койду. Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ли Баоцзе жана Өзбекстандын элчиси Саидикрам Иязходжаев да катышты.

    Эске салсак, президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталарын билдирген.

     


    Тектеш материалды окуу