Жарыяланган
2024-10-05, 11:43Өзбекстандын алтын валюта резерви апрель айында 918 млн долларга көбөйүп, 35,1 млрд долларга жетти. Бул тууралуу “Янги Ўзбекистон” басылмасы жазды.
Белгиленгендей, чет элдик валютадагы резервдер 8,3 млрд доллардан 8 млрд долларга чейин кыскарган.
Ал эми март айында алар 7,5 млрд доллардан 8,3 млрд долларга чейин өскөн.