akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-20-08, 07:31

    Жарым жылда насыянын 50,77% керектөөчүлүк муктаждыкка берилген

    2024-жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 29,9 млрд сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 561 миңге жакын адамды түздү. Бул туууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

    Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,6 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 26,6% көбөйдү.

    Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22%), Ош (16%дан ашык), Жалал-Абад (15%) жана Чүй (14%дан ашык) облустарынын алуучуларына берилди.

    2024-жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн жарымынан ашыгы (50,7%) керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди, дээрлик 22% - айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12% - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%га жакыны курулушка багытталды.