akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-21-11, 16:22

    Жыл башынан бери Кумтөрдөн 9 тонна 316 килограмм алтын казылды

    "Кумтөр Голд Компани" ЖАК ушул жылдын 10 айында 9 тонна 316 килограмм алтын өндүрдү. Бул тууралуу ишкананын президенти Алмазбек Барыктабасов билдирди.

    Анын айтымында, алтын өндүрүү боюнча план ашыгы менен аткарылган.

    "2021-жылы 14 тонна алтын өндүрүлгөн. 2022-жылы 17,3 тонна. 2023-жылы 13,5 тонна. Ал эми 2024-жылдын 10 айында “Кумтөр Голд Компани” ЖАК алтыны 9 тонна 316 килограммды түздү. Жалпысынан ушул толук эмес үч жыл ичинде “Кумтөр Голд” ишканасында 40 тоннадын ашык алтын өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

    Ошондой эле ал мамлекетке өткөн үч жылга жетпеген убакытта Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 174 млн доллардан ашканын кошумчалады.

    "Үч жыл арасындагы убакытка токтоло кетсек, 2021-жылы таза кирешебиз 233 млн доллар, 2022-жылы 372 млн доллар, 2023-жылы 302 млн долларды түздү. Ал эми 2024-жылдын октябрь айын кошо эсептегенде Күмтөрдүн таза кирешеси 266 млн долларды түздү. Жалпылай сумманы алсак, толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 174 млн доллардан ашты”, - деди ал.


    Тектеш материалды окуу