Опубликовано
28.12.2020, 09:30АКШнын 2021-жылга карата бюджетинин көлөмү 2.1 трлн $ түзөт. Тиешелүү долбоорго президент Дональд Трамп кол койду. Бул тууралуу Твиттер аркылуу Ак үйдүн басма сөз кызматынын орун басары Жадд Дир билдирди.
[news 31196]
Өзүнүн билдирүусүндө Дир, коронавирус менен күрөшүү үчүн бюджеттен 900 млрд доллар бөлүнөрүн кошумчалаган.
Андан сырткары, азыркы президент америкалыктар үчүн төлөмдүн көлөмүн 2 миң долларга чейин көтөрүүнү демилгелеген. Бул демилге улуттук экономиканы стимулдаштыруу долбоорунун алкагында көтөрүлүп чыккан. Азыр бул сумманын көлөмү 600 $ түзөт.