akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.04.2024, 10:20

    Кочкордо 3,7 млн сомдук имарат жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, текшерүүдө Нарын облусунун Кочкор районундагы Жүндүбаева атындагы орто мектептин отканасынын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

    Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Кочкор айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.Э. Кочкор райондук сотунун чечими менен күнөлүү деп табылды. Ошондой эле, Кочкор айыл өкмөтүнүн буйруктары жараксыз деп белгиленди.

    "Мамлекеттин менчигине кайтарылган мектепке тиешелүү имарат жана 1946 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси базар баасы боюнча 3 млн 750 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 00:53:58
    • 13.08.2024, 23:25:27
    • 02.08.2024, 01:27:03
    • 15.07.2024, 05:55:47