akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.08.2024, 05:25

    Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

    Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана мамлекеттин пайдасына кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

    Мындан улам, "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдардын алкагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы (иш жүзүндө шаардын борборундагы) баасы 15 млн сомдон ашкан коомдук тамактануу жайы бар, аянты 0,10 га социалдык маанидеги жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 00:53:58
    • 13.08.2024, 23:25:27
    • 02.08.2024, 01:27:03
    • 15.07.2024, 05:55:47