Опубликовано
12.05.2020, 03:002020-жылдын апрель айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгымдары 12 млрд 592 млн 453,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
[news 23538]
Министрликтин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө республикалык бюджеттен 3 млрд 208 млн 212,7 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдарга 811 млн 915,3 миң сом жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө 8 459,0 миң сом бөлүнгөн.
Андан тышкары мамлекеттик (ички жана тышкы) карызды төлөөгө 3 млрд 584,5 млн 573 миң сом сарпталган. Калган каражаттар башка багыттар боюнча чыгымдалган.