Опубликовано
13.05.2020, 10:15Республикалык штаб медициналык кызматкерлерге апрель айында төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр боюнча маалымат берди.
[news 24098]
«Бүгүнкү күнгө Саламаттык сактоо министрлигинин жана КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине 2020-жылдын апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 млн 400 миӊ сом каражаты которулду», — деп айтылат маалыматта.
Штабдан билдиришкендей, коронавирустан каза болгон саламаттык сактоо уюмунун медицина кызматкери Ж.А. Кокумбаеванын үй-бүлөсүнө 1 млн сом кенемте берилген.