Опубликовано
10.02.2022, 10:412022-жылдын январь айында азык-түлүккө болгон баалардын эң жогорку өсүшү Кыргызстандын Баткен облусунда байкалган. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитети тараткан маалыматта көрсөтүлгөн.
Баткенде азык-түлүк продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 1,7 пайызга өскөн. Алкоголдук суусундуктарга жана тамеки заттарына болгон баанын максималдуу түрдө өсүшү (5,6 пайызга) Бишкек шаарында белгиленди.
"Азык-түлүк эмес продуктуларына болгон баалардын өсүшү республикабыздын Жалал-Абад облусунан (0,2 пайызга) жана Ош облусунан (0,4 пайызга) башка көпчүлүк аймактарында катталга",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 1,0 пайызды түздү. Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 0,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге- 3,6 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга – 0,4 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 0,5 пайызга өсүүлөрү байкалды.