Опубликовано
05.06.2024, 11:55Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы канализациялык-тазалоочу курулмалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштерин 2024-жылдын август айында аяктоо пландаштырылууда. Объект кабыл алынгандан кийин саркынды сууларды тазалоо боюнча функционалдык кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн ишке киргизүү жумуштары башталат.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча министр Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү жетекчилерге курулуш-монтаждоо иштерин өз убагында бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.