akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.07.2024, 05:25

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун иш сапарынын алкагында кара өрүктү кайра иштетүү жана экспорттоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

    Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга кара өрүктү кайра иштетүүчү жана экспорттоочу тараптар катышып, кара өрүктүн экспорттун, сатуу жана өндүрүү боюнча маалыматтар талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынды.

    Министр Бакыт Төрөбаев мамлекет тарабынан айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, ишкерлерди, дыйкан-фермелерди колдоо багытында мүмкүн болгон жардамдарды берүүгө даяр экенин билдирди.

    Натыйжада кайра иштетүү боюнча Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунда кара өрүктү жана кургатылган кара өрүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курууга жана аларды жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле Кытай, Түркия жана Өзбекстан мамлекеттерине экспорттоо маселесин колго алуу жагы каралды.

    Мындан сырткары, кызыктар тараптарга кургатылган кара өрүктү сатуу боюнча Кытайдын сайферге (Cifer) катталуу сунушталды.


    Читать похожее

    • 08.08.2024, 04:20:34
    • 08.07.2024, 23:25:30
    • 05.06.2024, 05:55:39
    • 08.04.2024, 21:25:35