akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.07.2024, 03:51

    Президент Садыр Жапаров “Банктар жана банк иштери жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу өлкө мыйзамына кол койду.

    Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
    Анын максаты - өлкө жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамына өзгөртүү киргизүү болуп саналат.

    Кабыл алынган мыйзам менен “Банктар жана банк иштери жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизилди, ага ылайык Министрлер кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктар ("Элдик Банк" ААК, "Айыл Банк" ААК) аны менен байланыштуу жактын алдында милдеттенмелерди төлөө же башка жол менен аткаруу, банк менен байланыштуу жактан кандайдыр бир мүлктү сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү үчүн кандай болбосун жак менен бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.

    Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


    Читать похожее

    • 22.07.2024, 21:51:13
    • 15.07.2024, 00:10:29
    • 16.12.2020, 01:45:47