Опубликовано
16.12.2020, 07:45Банктар жаңы жылдык майрамдардын алдында насыянын пайызын төмөндөттү. Мунун бирден бир себеби - пандемия маалында төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөп кетиши болгон, деп жазат Forbes порталы.
[news 30866]
Орусиядагы 25 ири банктардын ичинен 5 банкка керектөөчү насыялар боюнча, майрамга карата үстөк пайызды төмөндөтүү боюнча атайын сунуштар айтылды. Жаңы жылга чейин дагы бир банк пайызын төмөндөтөрүн билдирген.
Акция учурунда банктар сунуштаган насыянын үстөк пайызы 2-6.5% түзөт.
Борбордук банктын маалыматына ылайык, 30 күндүк чекене насыялар боюнча пайыздын орточо чени октябрь айында 12,07%, 181 күндөн 1 жылга чейинки насыялардыкы - 13,82% түздү.
Кошумчалай кетсек, бул сунушту колдогон банктардын саны анча деле көп эмес.