akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    22.04.2024, 03:50

    Кыргызстандагы банктардын депозиттик базасы 2024-жылдын үч айында 464,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев “Биринчи радиого” билдирди.

    Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында депозиттердин көлөмү 24,4 млрд сомго же 5,5%га өскөн. Калктын банктардагы депозиттеринде сактаган акча каражаттарынын жалпы көлөмү боюнча Бишкек алдыда.

    “Алдыңкы позицияны Бишкек шаары ээлейт. Бишкек Кыргызстандын каржы борбору жана коммерциялык банктардын көбү ушул жерде топтолгон, ошого жараша финансылык операциялардын көбү борбордо ишке ашат”, - деди Букуев.


    Читать похожее

    • 16.08.2024, 04:56:59
    • 28.05.2024, 00:45:57
    • 21.04.2024, 21:50:40
    • 17.04.2024, 21:10:52