Опубликовано
12.06.2024, 06:15Кыргызстанда 25-июндан тарта бардык уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мындай чаралар министрлер кабинети тарабынан 2022-жылы бекитилген тартипке ылайык көрүлүп жатат.
Жергиликтүү байланыш операторлорунун сим-карталары менен активдештирилген телефондор Мамлекеттик идентификациялоо системасында катталган.
Бирок өлкө ичинде мобилдик аппараттарды алып келип саткандар чектөөлөрдүн алдын алуу үчүн аларды тез арада каттоодон өткөрүшү керек.