Опубликовано
29.07.2024, 06:25Кыргызстанда уюлдук телефондорду ыктыярдуу каттоонун мөөнөтү 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматта буга чейинки милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттерине эч кандай чектөө болбой турганы айтылат.
Эске салсак, өлкөдө уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо 25-июндан тарта башталган. Мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, аппараттардын уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган.