Опубликовано
29.03.2024, 03:20Баткенде мунайды кайра ишеткен завод курулуп жатат. Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, ишкана Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында жайгашат.
Белгиленгендей, заводду кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы салууда. Объект ишке кирсе күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүүгө ылайыкташып, АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин, дизел отуну, газ жана башка майлоочу майларды чыгарат деп күтүлүүдө.
Курулуш иштери быйыл июнь айында аяктайт.