akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.04.2024, 04:23

    “Манас” бажысында контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери зер буюмдарын мыйзамсыз алып келүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, Кыргызстандын А.К. аттуу жараны кийиминин астына бажы көзөмөлүнөн 373,1 грамм салмактагы 24 даана алтын буюмдарды (чынжыр, билерик) жашырып өтүүгө аракеттенген.

    "Аткезчилик Стамбул-Бишкек каттамы менен келген жүргүнчүдөн аныкталды. Кармалган зер буюмдардын орточо базар баасы 1 миллион 905 миң 19 сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

    Чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.


    Читать похожее

    • 17.06.2024, 23:55:18
    • 16.06.2024, 21:40:33
    • 10.05.2024, 01:28:37
    • 08.04.2024, 22:23:14