akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.05.2024, 07:28

    Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү тарыхый максимумга жетти. Анын көлөмү 6-майга карата 3 млрд 625 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

    Анын айтымында, акыркы үч жылда Кыргызстандын алтын валюта резервинин өсүшү 1 млрд долларды түздү.

    “Акыркы үч жылда Улуттук банктын активдериндеги алтындын көлөмү “Кыргызалтын” ААК жана жергиликтүү баалуу металлдарды өндүрүүчү субъектилер сунуштаган алтынды Улуттук банк тарабынан сатып алуунун натыйжасында өстү. Улуттук банктын алтынды сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларын эске алганда, 2024-жылдын апрель айынын акырына карата Улуттук банктын активдериндеги алтындын көлөмү 52 тоннага жакынды түздү”, - деди Улуттук банктын башчысы.


    Читать похожее

    • 17.06.2024, 23:55:18
    • 16.06.2024, 21:40:33
    • 10.05.2024, 01:28:37
    • 08.04.2024, 22:23:14