Опубликовано
25.03.2022, 06:53“Манас” эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин басма сөз кызматы кабарлады.
Бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылымыш аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды.
Учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.