Опубликовано
01.05.2024, 04:00Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга жогорулап, 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2 сом 39 тыйын болот.
Аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55 тыйынга чыгат.
Ал эми бюджеттик колдонуучулар үчүн тариф учурдагы 2 сом 87 тыйындын ордуна 3 сом 76 тыйынды түзөт.
Ведомстводон белгилешкендей, эми Кыргызстанда электр энергияга тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша жыл сайын өзгөрүп турат.