Опубликовано
22.08.2024, 06:10Кыргызстанда унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Эми тонировкага уруксатты Кыргызстандын жарандары 1 жылга 50 миң сом, юридикалык жактар 70 миң сом, чет өлкөлүк жарандар 90 миң сом төлөп алса болот.
Мындай жаңы тартип 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Эске салсак, буга чейин терезелерди караңгылатуунун тарифтери Кыргызстандын жарандарына 80 миң, юридикалык жактар үчүн 100 миң сом жана чет өлкөлүк жарандарга 120 миң сомду түзчү.
Кыргызстанда 2022-жылдын май айынан тарта унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат бериле баштаган.