Опубликовано
08.02.2024, 03:27“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ошко болгон жумушчу сапарында билдирди.
Бул максаттарга 2 млрд сом бөлүнгөн.
Өкмөт башчы облустук жана райондук жетекчилерге кол өнөрчүлүк менен алектенген үй-бүлөлөргө бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.