Опубликовано
06.05.2024, 08:202024-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 388,8 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 278,8 миң – балдар, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучулар.
"Калктын кирешесинин, эмгек акынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылга салыштырмалуу "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган балдардын саны 44,9 миң адамга азайды", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулунун орточо өлчөмү 1 миң 392 сомду түзөт.