Опубликовано
05.06.2024, 07:17Кыргызстанда аз камсыз болгон 77 миң 361 үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айына 700 кВт / саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50 тыйынды түзгөн, ал эми 2024-жылдын июнь айынан баштап 55,4 тыйынга арзандатуу каралган.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеңилдетилген тарифтерди албай жатышынын негизги себеби – ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеке эсептердин жоктугу, ошондой эле электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр ( электр зымдары жок курулуштарда, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө) болуп саналат.
1-майга карата “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 81 508 үй-бүлөнү түзөт.