Опубликовано
14.08.2024, 09:22Быйыл жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева билдирди.
Мунун себеби 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиги менен байланыштуу.
Анын айтымында, 2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде билим күнүнүн башталашына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп, 3-сентябрдан тартып сабактар өтүлө баштайт.