Опубликовано
25.07.2024, 06:37Быйыл алты айда 3 миң 59 жол кырсыктары катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
2023-жылдын алты айына салыштырмалуу жол кырсыгы 1,2 пайызга көбөйдү. Алардын эң көп үлүшү Бишкек - 43,9%, Чүй - 20,3% жана Ош облустарына 10,1% туура келди.
Быйыл жол кырсыгына жабыркагандардын саны 1,1%га (4464 адам), каза болгондор 4,%га (280 адам) өстү.
Балдар катышкан жол кырсыгы 5 пайызга көбөйдү, анда 900ү ар кандай жаракат алып, 36сы көз жумду.