Опубликовано
13.05.2024, 03:35Кыргызстанда жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, кырсыктар негизинен катуу ылдамдыкта айдоо, карама-каршы тилкелерге чыгуу, мас абалында унаа башкаруу, кууш, тар жерлерде бири-бирине жол бошотуп бербөө фактылары менен коштолууда.
Айдоочуларга жолдо жүрүүдө эрежелерди так сактоо сунушталат.