Опубликовано
13.06.2024, 06:45Бир мандаттуу үч округдун депутаттарын шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн алдын ала аты-жөнү “Тизме” порталына жайгаштырылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов округдарында жалпысынан 300 миңден ашуун шайлоочу бар.
Ошондой эле тизме бардык шайлоо участкаларына илинген. 19-июнга чейин жарандар маалыматтарын тактап, каталар болсо өзгөртүү киргизе алышат.
Эске салсак, үч райондо Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнда өтөт. Алар мандатын ар кандай себептер менен тапшырган эл өкүлдөрүнүн ордуна келет.