Опубликовано
21.06.2024, 07:35“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы быйыл 5 айда 631 млн 800 миң сом киреше тапты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Белгиленгендей, 2023-жылдын ушул мезгилинде 63 млн 500 миң сом гана киреше түшкөн.
“Мен кызматка киришкенден тартып 2023-жылдын 1-ноябрына чейин күнүмдүк транзакциялардын саны орточо эсеп менен 180 миң болсо, бүгүнкү күндө күнүмдүк транзакциялардын саны 450 миңден ашты”, - деп жыйынтыктады Айбек Жунушалиев.