akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.05.2024, 04:40

    2024-жылдын 19-20-июнунда Бишкекте “MINEX Борбор Азия” аттуу тоо-кен-геологиялык форуму өтөт.

    Форумдун темасы “Борбор Азиядагы тоо-кен металлургия тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери”.

    Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жетекчилиги министрлер жана бизнес делегациялары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Андан соң форумдун катышуучулары үчүн Кыргызстандын алдыңкы тоо-кен ишканаларына экскурсиялар уюштурулат.

    Белгилеп кетсек, “MINEX Борбор Азия” форуму жыл сайын Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринде өткөрүлөт. Ал Борбор Азиянын минералдык ресурстарын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы аймактар ​​аралык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, климаттык бейтараптык жана социалдык-экономикалык өсүшкө багытталган.


    Читать похожее

    • 07.07.2024, 22:29:34
    • 23.05.2024, 05:10:26
    • 22.05.2024, 22:40:17
    • 13.05.2024, 02:45:01