akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    04.06.2024, 03:25

    Бишкектеги "Баткен комфорт" базарын сатуу боюнча аукцион өтпөй калды. Бул тууралуу Бул тууралуу Reporter.kg Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине таянып жазды.

    Аукцион 29-майда өтмөк. Соода түйүнүн мамлекеттин карамагындагы (64,38 пайызы) гана акциясы сатылууда. Анын баштапкы баасы 422 млн 775 миң сомго бааланган.

    "Бир эле жарандан арыз түшкөндүктөн ал болбой калды. Базардын акциясы кайра сатыкка чыгарылат", - дейт мекеме.

    Белгилей кетсек, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге тиешелүү базардын контролдук пакети январь айында мамлекеттин карамагына өткөн. Анда саясатчынын бир туугандарына катталган акциялар берилген. Калган бөлүгү Аскарбек Шадиевдин аялы Асел Шадиевага катталган.


    Читать похожее