akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    26.07.2024, 04:24

    Ошто жаңы муниципалдык базарды куруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

    Белгиленгендей, базар “Мегаполис” соода комплексинин жанындагы Б.Осмонов көчөсүндө курулат.

    Учурда жер тилкесин даярдоо, электр менен камсыздоо жана электр тирөөчтөрүн орнотуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылган.

    Ошондой эле жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан жаңы жолдорду куруу пландалууда. Базарда соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлөт.


    Читать похожее