akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.01.2024, 11:20

    30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире көтөрүлөт. Автобустарда жана троллейбустарда айрым категориядагы жарандар акысыз жүрө алат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

    Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн кичиавтобустук каттамдарда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген картасы бар болсо, жол кире акысы 8 сом өлчөмүндө болот. Бирок колдонуу мөөнөтү 9:00дөн баштап 17:00го чейин кыскартылды.

    Ал эми төмөнкү категориядагы жарандарга коомдук транспортто жүрүү акысыз болот:

    • пенсионерлер;
    • ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптар;
    • бала кезинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
    • 7 жашка чейинки балдар;
    • өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик почта ишканасынын почтальондору.

    Читать похожее

    • 30.05.2024, 02:32:32
    • 25.01.2024, 05:00:22
    • 16.01.2024, 05:20:03
    • 16.01.2024, 01:21:41