akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.05.2024, 08:32

    Студенттер үчүн коомдук транспорт акысын жана ички аба каттамдардагы учак билетин арзандатуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров билдирди.

    Абакировдун айтымында, өткөн аптада ал парламентке келген студенттер менен жолугушкан.

    Анда студенттер депутатка аталган эки сунушту айтып кеткен. Мындан улам депутат студенттер үчүн жол кире билетин (проездной) киргизүүнү сунуштап, Бишкектин мэриясын бул маселени кароого чакырды.

    Андан тышкары аймактан келген студенттер алар үчүн ички аба каттамдагы учак билетинин баасын арзандатууну өтүнгөн.


    Читать похожее

    • 30.05.2024, 02:32:32
    • 25.01.2024, 05:00:22
    • 16.01.2024, 05:20:03
    • 16.01.2024, 01:21:41