Опубликовано
17.06.2024, 04:50Бишкекте боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жакшы жылыштар байкалууда, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштады. Бардык дары-дармектер жетиштүү.
Эске салсак, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалды. Операция Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасында орун алып, ага кыргызстандык жана түркиялык дарыгерлер катышты.