Опубликовано
10.06.2024, 05:55Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, операция 10-11-июнда жасалат.
Белгиленгендей, эки бейтаптын боору алмаштырылат. Боорду трансплантациялоону жергиликтүү дарыгерлер жасашат. Алар Түркияда атайын окуудан өтүп келишкен.
Операция учурунда түрк адистери көмөктөшөт. Буга чейин анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келери айтылган.