Опубликовано
25.07.2024, 11:27“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы Кытай тарап менен транспорттук түйүндөрдү куруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол койду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Ошентип, Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен (3-фаза) төмөнкү транспорттук түйүндөрдү куруу пландаштырылууда:
Учурда жогоруда аталган транспорт түйүндөрүн деталдык долбоорлоо иштери жүрүп жатат.Болжолдуу курулуш мөөнөтү 2025-2026-жылдар.
Белгилеп кетсек, 2023-жылы Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жогоруда аталган долбоордун 3-фазасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлган.