akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Президенттин аппараты

    Опубликовано

    25.03.2022, 09:53

    “Быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 млрд сомго жакын каражат бөлүп жатабыз”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта УКМКнын чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу аземинде.

    Өлкө башчысы өз сөзүндө, өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 млрд сом бөлүнгөнүн белгилеп, аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатындагы иштер улантыларын айтты.

    Садыр Жапаров мындан сырткары, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү мамлекеттин аскердик саясатынан, Куралдуу күчтөрдүн даярдыгынан, техникалык жактан камсыздалышынан жана экономиканын туруктуулугунан көз каранды экенин баса белгиледи.

    “Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мамлекеттик коопсуздук чек арадан башталат. Бүгүнкү замандын чакырыктары менен коркунучтарына тийиштүү жооп кайтарууга, аймактагы тынчтыкты сактап, эл-журтубуздун коопсуздугун камсыздоого заманбап техникалардын болушу дагы өтө маанилүү фактор болуп саналат. Мына ошондуктан чек арачыларыбызды заманбап техника жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууну улантып жатабыз”,- деди Жапаров

    Мамлекет башчысы билдиргендей, чек араны кайтарууда зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, алдыңарда тургандай, „Тигр“ үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон авто унаалар жана башка курал-жарактар сатылып алынууда.

    “Бул жерден мен расмий түрдө айтып коюшум керек, тизмектелип өткөндөрдүн баарын мамлекеттик бюджеттин эсебинен, тагыраак айтканда, буга чейин адат болуп калган мурда колдонулган эски техникаларды эмес, жаңы техникаларды сатып алып жатабыз. Буга чейин аскер техникалары жалаң гана гранттардын эсебинен Жардам катары эски техникалар келип турган болсо, эми мындан ары заманбап, жаны техникаларды өз акчабызга сатып алып турабыз”,- деп кошумчала президент.


    Читать похожее

    • 02.05.2024, 02:45:38
    • 25.03.2022, 03:53:45