Опубликовано
02.05.2024, 08:45Кытай Кыргызстанга 50 млн юандык аскердик жардам берет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 22-апрелиндеги №181-р буйругу менен КРнын Коргоо министрлиги менен Кытайдын Коргоо министрлигинин ортосундагы аскердик жардам боюнча макулдашууну колдоду.
Келишимге ылайык, Кытай Кыргызстанга 50 млн кытай юанына (7 млн долларга жакын) акысыз аскердик жардам көрсөтөт.
Аскердик техниканын конкреттүү түрлөрү жана саны тараптар тарабынан кошумча түзүлгөн протокол менен бекитилет.