akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: МБК

    Опубликовано

    04.12.2019, 11:51

    ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Ж.Ш.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмитц” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

    Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 4090 килограмм болгон 138 даана жыгач эшиктер табылган.

    Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

    Кармалган товардын жалпы наркы 825 500 сомду түзөт.

    Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.


    Читать похожее

    • 16.05.2024, 22:30:15
    • 04.12.2019, 05:51:38