akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.08.2024, 09:00

    Ош облусунун Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздар үчүн турак жайлар пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитети билдирди.

    Объекттин курулушу республикалык бюджеттен 2023-жылы башталган. Тендердик баасы 82,9 миллион сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштерин “Олимп и Ко” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

    Долбоор боюнча ар бир турак жай эки үй-бүлөгө, жалпысынан 10 үйгө эсептелген. Үйдүн жалпы аянты 180 чарчы метр, анда 6 бөлмө бар. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 95 пайызы бүтүп, сырткы ажатканалардын курулушу уланууда.


    Читать похожее