akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.05.2024, 03:45

    Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 52 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде биринчи окууда жактырылды.

    Ага ылайык, берилген сумманын 45 миллион доллары насыя болсо, калган бөлүгү гранттык каражат.

    Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, акча селден коргоочу курулуштарды реконструкциялоого, дамбаларды курууга, дарыя жээктерин бекемдөөгө жана зарыл жабдууларды сатып алууга багытталат.


    Читать похожее