Ош облусунда 7 айга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 12 млн сом суммасында 19 долбоор бекитилди.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анда:
- Кара-Кулжа районунун 3 объектисине 1,9 млн сом;
- Кара-Суу району - 3 объектиге 2,1 млн сом;
- Ноокат району - 1 объектиге 0,7 млн сом;
- Алай району - 3 объектиге 1,9 млн сом;
- Өзгөн району – 8 объектиге 4,6 млн сом;
- Чоң-Алай району - 1 объектиге 0,8 млн сом;
Жалпы:
- 7 мектепке – 3,7 млн сом;
- 6 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 4,6 млн сом;
- 1 спорттук курулуштарга – 0,7 млн сом;
- 5 бала бакчага – 3,0 млн сом каралды;