Опубликовано
20.10.2023, 08:10Учурда доллардын орточо курсу 89,72 сомду түзүүдө. Бул тууралуу "Valuta.kg" сайты жазды.
Эске сала кетсек, 18-октябрда Улуттук банк доллардын расмий курсун 89,32 сом деңгээлинде бекиткен.
Андан кийин жөнгө салуучу орган учурда ички валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу бойдон калганын билдирген.
Ал эми акыркы убакта ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан бир аз ашып кетиши байкалып, бул алмашуу курсунун кыска мөөнөттүү туруксуздугуна алып келди.